Биз менен байланышыңыз

 «Түндүк электр» карыздарды эскерте турган тиркеме иштеп чыкты

Кыска кабар | 20 Апр 2022 | 251 | 0

«Түндүк электр» ААКы карызы бар абоненттер үчүн атайын мобилдик тиркеме иштеп чыкты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Тиркеме аркылуу колдонуучуга электр энергиясына болгон карызы жөнүндө маалымат берилип, акчасын өз убагында төкпөгөн абонентке күн сайын эскертүү келип турат.

Андан тышкары тиркемеде ар кандай кырдаалда свети өчүрүлө турган аймактардын тизмеси айтылып, акы төлөнүүчү кызматтар үчүн калькулятор, жаңылыктар жана башкалар киргизилет.

Тиркемени Play Market жана AppStore интернет дүкөнүнөн көчүрүп алса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM