Биз менен байланышыңыз

Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын Киевдеги элчиликтери ишин жандантты

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Апр 2022 | 258 | 0

Түркмөнстандын элчилиги ондон ашык өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен бирге Украинадагы ишин жандантты. Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлиги «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, Франция, Италия, Латвия, Литва, Эстония, Польша, Түркия, Чехия, Словения, Ватикан, Молдова, Грузия, Иран, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын элчилери Киевдеги имараттарына кайтып келишкен.

«Бул — дүйнө Украинаны колдоп, ага ишенип жатканынын бир далили», — деди министрлик.

Кошумчалай кетсек, бир нече күндөн кийин Испаниянын элчилиги Киевдеги ишин улантат. АКШ элчилигин ачуу убактысын азырынча атай элек.

Буга чейин Владимир Зеленский дипломаттарды Украинага кайтып келүүгө чакырган.

«Киевде чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн болушу элчиликтердин кадимки иши, Киев биздин борбор экенинин ачык белгиси. Орусиянын провинциялык шаары эмес, Украинанын борбору», — деди украин президенти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM