Биз менен байланышыңыз

Казакстан Кыргызстан менен түзгөн келишимден чыгууну пландап жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Апр 2022 | 242 | 0

Казакстан Кыргызстан менен 1997-жылы түзгөн күч органдарынын кызматташуусу боюнча келишимден чыгууну пландап жатат. Президент Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгынын долбоору коомдук талкууга коюлду.

«Казакстан менен Кыргызстандын укук коргоо органдарынын кызматташуусу, алардын эки өлкө ортосунда жүрүү тартиби жөнүндө келишимден чыгуу чечимин мыйзамда көрсөтүлгөн тартипке ылайык, Кыргызстанга Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдириши керек», — деп айтылат жарлыкта.

Маалыматка ылайык, келишим 1997-жылы 8-апрелде түзүлгөн. Ал күч органдарынын Казакстан же Кыргызстанда жүрүшүн жөнгө салат.

Келишимге ылайык, тараптар кылмышка шектүүлөрдү издөө, иш козгоо жана байкоо жүргүзүү укугуна уруксат алуу менен жана алар жайгашкан өлкөнүн мыйзамдарын сактоо менен ээ болот.

Ошондой эле күч түзүмдөрү камакка алынган адамдарды өткөрүп берүүгө жана өлкө аймагы аркылуу ташылган баалуу жүктөрдү курал менен коштоп жүрүүгө укуктуу. Бирок кандай болгон күндө да укук коргоо кызматкерлери кирүүгө уруксат сурашы керек.

Кызматтык курал менен өлкөнүн аймагына кирүү үчүн тарап атайын суроо-талап жөнөтүшү керек. Коопсуздук күчтөрү курал-жарак жана ок-дарыларды өздөрү менен бирге алып кетүүгө милдеттүү. Ар бир тарап келишимден чыгууга 6 ай калганда экинчи тарапка жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM