Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: Эки кыргызстандык балбан коло үчүн күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 19 Апр 2022 | 204 | 0

Монголияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында грек-рим күрөшүнөн эки кыргызстандык коло медаль үчүн күч сынашат. Беттештерди Дүйнөлүк күрөш уюму түз алып көрсөтүүдө.

Алгачкы беттеште эле 130 кг салмакта Роман Ким казакстандык балбанга, 87 кг салмакта Мелис Айтпеков ирандык балбанга жеңилип калган болчу. Атаандаштары финалга чыкканына байланыштуу эки балбан тең коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Бүгүнкү айлампада алардан тышкары Тынар Шаршенбеков менен Акжол Махмудов өз салмак категорияларында финалга чыгышты. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.

Бүгүнкү беш салмак категорияда Кыргызстандан 5 балбан килемге чыгып, 55 кг салмакта Балбай Дордоков медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алган жок.

Башка оюндардан айырмаланып, бул жолу тандоо турунан тарта финалдык беттештерге чейин бир күндө өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM