Connect with us

20-апрелге карата аба ырайы

Кыска кабар | 19 Апр 2022 | 275 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 20-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22;

Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 20…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21;

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 19…21 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM