Биз менен байланышыңыз

Бүгүн коронавирустун 2 жаңы учуру катталды

Кыска кабар | 19 Апр 2022 | 386 | 0

Кыргызстанда 19-апрелге карата коронавирустун 2 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Акыркы суткада илдеттен 10 бейтап айыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 27 бейтап, амбулатордук түрдө 31 адам дарыланууда.

27 бейтаптын ичинен 19унун абалы орто оор, бешөөнүн абалы оор жана үчөө өтө оор абалда экени айтылды.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 982 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 341 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM