Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк жасалма доллар көбөйө баштаганын эскертти

Кыска кабар | 18 Апр 2022 | 429 | 0

Кыргызстандын Улуттук банкы АКШ долларын жасап саткандар көбөйүп жатканын айтып, валюта алмаштырууда этият болууну эскертти.

Улуттук банк валюта алмаштыруу учурунда алмашуу бюролорунун кызматкерлеринен акчаны детектордон текшерип берүүсүн талап кылууга чакырды. Ошондой эле акча алмаштыруу жайынын Улуттук банктын лицензиясы бар же жогуна көңүл буруу керектигин, эгер болсо, ал көрүнөө жерге илинип коюларын билдирди.

Белгилей кетсек, чет өлкө валютасынын шектүү банкнотторуна экспертиза мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы тарабынан жүргүзүлөт.

«Ошондой эле чет элкө валютасынын шектүү банкнотторун сатууга да жол берилбей турганын эскерте кетмекчибиз. Анткени жасалма банкнотторду даярдоо гана эмес, жайылтуу да Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесине ылайык  жоопкерчиликке алып келет», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM