Биз менен байланышыңыз

АКШ долларын Кыргызстандан чыгарууга чектөө киргизилет

Кыска кабар | 18 Апр 2022 | 494 | 0

Долларды Кыргызстандан тышка алып чыгууга чектөө киргизүү боюнча токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Долбоор кабыл алынса, АКШ долларын өлкөдөн алып чыгууга юридикалык жактарга да, физикалык жактарга да чектөө киргизилет:

-резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга 5 миң доллардан ашык алып чыгууга;

-резиденттерге жана Кыргызстандын жарандарына 10 миң доллардан ашык чыгарып кетүүгө тыюу салынат.

«Бул мамлекеттин ички рыногу үчүн улуттук валютанын өйдө-төмөн бааланышына байланышкан терс көрүнүштөрдү азайтууга жардам берет. Ошондой эле бул чектөө социалдык жактан маанилүү товарлардын баасынын кескин өсүшүн, экономиканын импортко көз каранды тармактарындагы терс кесепеттерди жоюуга жана ички рынокту чет өлкөлүк валюта менен камсыздоого керек. Белгиленген чектен ашкан сумманын 10%ы өлкөнүн бюджетине алынат», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM