Биз менен байланышыңыз

Ташкенттеги үйдөн Африка арстанынын күчүгү табылды (сүрөт)

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Апр 2022 | 674 | 0

Ташкент шаарындагы үйлөрдүн биринен Африка арстанынын күчүгү табылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Экология комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бир күн мурун Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин райондук башкармалыгына Ташкенттеги үйлөрдүн биринде арстандын күчүгү багылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Башкармалыктын кызматкерлери үйгө текшерүү жүргүзгөндө, кабарлама чын болуп чыккан. Үй ээсинин күчүктүн документтерин, багып алууга уруксат кагаздарды көрсөтө алган эмес. Ал кызыкканынан сатып алганын моюндаган.

Арстандын күчүгү убактылуу кармап туруу үчүн «Талаа таш бакалары» питомнигине өткөрүп берилген. Учурда инспекторлор бул жандыктын Ташкентке кантип келип калганын тактап жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM