Биз менен байланышыңыз

Зеленский: Эгемендигибиз үчүн Орусия менен он жылдап болсо да күрөшө алабыз

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Апр 2022 | 4398 | 0

Украинанын кубаты Орусия менен 10 жыл согушууга деле жетет. Бул тууралуу Владимир Зеленский CNN телеканалына берген маегинде айтты.

«Биз өзүбүздүкүн кайтарып алуу үчүн Орусия менен он жылдап болсо да күрөшө алабыз. Биз бул жол менен бара алабыз. Биз өз аймагыбызды бербейбиз, бирок эгер Орусия менен тил табышуу зарыл болсо, алар ага көнсө, анда биз даярбыз», — деди Зеленский.

Ал сүйлөшүү Орусия койгон «талап-шарттын жеңиши менен» аяктабашы керектигин, келишим канчалык эрте бүтсө, жоготуулар ошончолук аз болорун билдирди. Ошондой эле Батышты Киевге курал-жарак берүүнү көбөйтүүгө чакырды.

Буга чейин Зеленский Украинанын Түндүк атлантикалык альянска (НАТО) кошулуудан баш тартуусун жана Крымдын макамын Орусиянын атайын операциясы токтогондон кийин гана талкуулоого даяр экенин маалымдаган.

Зеленский тараптар айрым маселелерди талкуулоодо орток пикирге келе албай жатышканын билдирди. Анын айтымында, Москва Донбасс менен Крымдын эгемендигин таануу талабын коюп жатат, ал эми Украина буга караманча каршы.

Украинанын Башкы штабы: Орусия 20 миң 600дөн ашык аскерин жоготту

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM