Биз менен байланышыңыз

Бишкектин Эркиндик бульварына унаа токтотууга тыюу салынды

Кыска кабар | 18 Апр 2022 | 293 | 0

Борбор калаанын Эркиндик бульварынын сол тарабына унаа токтотууга тыюу салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Эркиндик бульварынын Чүй проспектинен Түгөлбай-Ата көчөсүнө чейинки бөлүгүнө «унаа токтотууга болбойт» деген белги орнотулуп чыгат.

Булварда унаалардын жана көчмө ашканалардын (дөңгөлөктүү фудкорт) башаламан коюла беришинен улам ушундай тыюу салуу киргизүүгө аргасыз болушканы айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM