Биз менен байланышыңыз

Орусия Донбасска гуманитардык жүк жеткирди

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Апр 2022 | 294 | 0

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Донбасс менен Украинага 700 тоннадан ашык гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу «РИА Новости» жазды.

ӨКМ алып барган жүктө суу, балдар үчүн азык-түлүк, дары-дармек, курулуш материалдары да бар экени айтылды.

Ошондой эле 14 өрт өчүрүүчү унаа, 4 комплекстүү суу тазалоочу станция, 4 электр станция, 28 мотор насосу, 15 бензоараа, 30 электр агрегат тапшырышкан.

Аны менен катар Донбасс аймагын минадан тазалоо үчүн Орусиянын атайын даярдыктагы сапёрлору да келип түшкөн.

Украинанын Донбасс аймагындагы жикчилдердин согушу 2014-жылы башталган. Учурда Донбасстагы Луганск жана Донецк жикчил аймактарынын эгемендүүлүгүн бир гана Орусия расмий тааныган. Ал эми украин бийлиги Чыгыштагы аймактарынан эч качан баш тартпай турганын, Донбассты кайра толугу менен өз карамагына кайтарарын айтып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM