Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги Илья Терентьевдин үйү жаңылана баштады

Кыска кабар | 18 Апр 2022 | 261 | 0

Бишкек шаарынын биринчи жетекчиси Илья Терентьевдин үйүн жаңылоо иштери жүрүп жатат.

Кычан Жакыпов атындагы сейил бакта жайгашкан тарыхый имараттын биринчи кабаты гана калтырылып, экинчи кабаты алып салынды.

Буга чейин «Дордой» ассоциациясы жүргүзө турган оңдоп-түзөө иштери 2021-жылдын ноябрь айында бүтмөк. Ага 11 миллион сом бөлүнгөн болчу. Ошондой эле 2015-жылы имараттын долбоорун иштеп чыгууга Аскар Салымбеков 500 миң сом бөлгөн.

Эске салсак, Терентьевдин үйү Бишкектин маанилүү жайларынын бири болуп саналат, ал тарыхый жана маданий эстеликтердин мамлекеттик реестрине киргизилген.

Илья Федотович Терентьев 1848-жылы учурдагы Удмурт мамлекетинин Ижевск шаарында темир устанын үй-бүлөсүндө туулган. XIX кылымдын аягында Падышалык Орусиянын ошол кездеги өкмөт башчысы Столыпиндин агрардык реформасынын аркасында атасы үй-бүлөсү менен кыргыз жерине көчүп келип, Пишпек (азыркы Бишкек) аймагына отурукташкан.

Илья Терентьев 1895-жылы калаа башчысы болуп дайындалган. Ал Пишпекти жетектеп турганда шаарга алгачкы ирет оорукана, дарыкана, китепкана, мектеп салынып, устакана, наабайкана, дүкөн, ар кандай иш орундар ачылган. Анын жетекчилиги астында 1897-жылы шаарда биринчи жолу эл каттоо жүргүзүлгөн. Ошондой эле шаарга биринчилерден болуп бак-дарак отургузуу, жашылдандыруу иштерин баштаган. Анын натыйжасына Эмен багы (Дубовой парк) жана Бульвар аллеясы (азыркы Эркиндик бульвары) түптөлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM