Биз менен байланышыңыз

Түштүк Африкада 450гө жакын адам селге агып көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Апр 2022 | 413 | 0

Түштүк Африка өлкөсүндө 8-апрелде башталган кара жамгыр ушул кезге дейре токтой элек. Жамгырдын күчөп жаашы дарыяларды ташытып, Квазулу-Наталь провинциясын сел каптады. Андан каза тапкандардын саны 450гө жетип, дагы 63үнүн кайда экени белгисиз болууда.

Курмандык эң көп провинциянын борбору Дурбан шаарынын Итеквини районунда катталган. Расмий маалыматта 350 адамды сел алып кеткени айтылды.

Кара жамгыр Квазулу-Наталь провинциясында төрт миңге жакын имаратты толук кыйратып, 13,5 миңин жараксыз абалга жеткирген. Мындан тышкары көптөгөн унаа жолдорду жана темир жолдорду сел жууп, ондогон көпүрө кыйрап калган.

Аймакта электр жарыгы, уюлдук байланыш үзүлүп, таза суу чыкпай калды. Мектептерде окуу токтотулуп, дүкөндөр жана банк филиалдары жабылууга аргасыз болду.

Изилдөөчүлөр бороон-чапкынга, кара жамгырга Антарктикадан соккон шамал себеп болуп жатканын, Түштүк Африкада мындай кырдаал акыркы 60 жылда боло элегин айтышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM