Биз менен байланышыңыз

Йемен президентине Сауд Аравия кысым жасаганы айтылууда

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Апр 2022 | 177 | 0

Сауд Аравия бийлиги Йемендин президенти Абд-Раббу Мансур Хадиден бийликтен кетүүсүн талап кылды. Азыр Хади үй камагында экенин The Wall Street Journal гезити жеке булактарына таянып жазды.

Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Сальман Аль Сауд Хадиге мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын президенттик башкаруу кеңешине өткөрүп берүүнү караган документти тапшырганы белгиленген. Сауд Аравиянын өкүлү билдиргендей, сүйлөшүүнүн алкагында кызматтан кетүү талабын башка катышуучулар да колдогон.

Маалыматка ылайык, Хадини өлкөдөгү коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин ачыкка чыгара турганын айтып коркутушкан.

Бирок ошол эле учурда Сауд Аравиянын расмий өкүлү өлкө бийлиги Йемен президентине кысым көрсөтүлгөнүн четке кагып, Хади үй камагында деген маалыматты тастыктаган жок.

Белгилей кетсек, Абд-Раббу Мансур Хади 7-апрелде президенттик кеңеш түзүлгөнүн жарыялаган. Ал өз ыйгарым укуктарын өлкө ичиндеги сүйлөшүүлөрдүн мөөнөтүнө өткөрүп берген.

Президенттин Кеңеши президенттин, вице-президенттин жана өкмөттүн милдетин аткарууга жана куралдуу күчтөрдү башкарууга укуктуу.

Йемен 1-апрелде хуситтер менен өкмөт элдешкенин кабарлаган. Чыр-чатактын тараптары БУУнун эки айга ок атышууну токтотуу сунушун кабыл алышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM