Биз менен байланышыңыз

Мариуполдогу украин аскерлери орус армиясына багынуудан баш тартты

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Апр 2022 | 286 | 0

Мариуполь шаарында Орусия армиясынын курчоосунда калган украин аскерлери багынып берүүдөн баш тартышты. Бул тууралуу Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль билдирди.

Шмыгалдын айтымында, шаар үчүн кармаш дагы эле уланууда. Учурда украин армиясы Мариуполдун айрым бөлүктөрүн өз көзөмөлүндө кармап турат.

Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги украин аскерлери шаардагы «Азовсталь» заводунда жашынып жатышканын, аскердик чабуул учурунда Украина деңиз аскерлеринин 36-бригадасынын командири Владимир Баранюк жок кылынганын кабарлаган болчу. 

Ошондой эле Денис Шмыгаль курчоого алынган Мариуполь портунун коргоочулары орус аскерлери менен акырына чейин күрөшө турганын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM