Биз менен байланышыңыз

Түркия Ирактагы күрддөргө каршы аскердик операция баштады (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Апр 2022 | 189 | 0

Түркия Ирактын Метин, Зап жана Авашин-Басян аймактарындагы Күрдистан жамааттык биримдигине каршы аскердик операция баштады. Бул тууралуу Түркиянын Коргоо министрлиги сайтына жарыялады.

Түркия PENÇE-KİLİT (тырмак-кулпу) деп аталган бул аскердик операция БУУнун уставынын 51-беренесине ылайык, түрк элинин коопсуздугун жана чек араны бекемдөө максатында жүргүзүлгөнүн билдирди.

Ошол эле учурда атайын чабуул жай тургундарга зыян алып келбеси, тарыхый-маданий жайларды, табиятты мүмкүн болушунча сактап калуу аракети көрүлөрү айтылды.

Түркиянын Куралдуу күчтөрү Күрдистан жамааттык биримдигине таандык делген казарма, жашынуучу жай, бункер, кампаларды бутага алышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM