Биз менен байланышыңыз

Бенилюкс өлкөлөрү үчүн Кыргызстандын туристтик потенциалы көрсөтүлдү

Кыска кабар | 16 Апр 2022 | 454 | 0

Кыргызстандын Бельгиядагы элчилиги Бенилюкс өлкөлөрү үчүн Кыргызстандын туристтик потенциалын «Кыргызстан – сиздин эс алууңуз үчүн жер» аттуу урааны аркылуу тартууланды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш-чара эки жылдык кеңири жайылган карантинден кийин Кыргызстанда 2022-жылкы жайкы туристтик сезондун ачылышына карата уюштурулду.

Бенилюкс өлкөлөрүнүн туристтик компанияларына жана операторлоруна, ошондой эле, туризм жана саякатка адистешкен массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө элчиликке Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти тарабынан берилген видео жана фото материалдар, маалымат жана статистика берилди.

Презентациянын жүрүшүндө 2021-жылы Кыргызстанга «Пекин экспресс – Бүркүттүн өлкөлөрүндө» аттуу туризм тууралуу окуялуу реалити-шоусун тартуу үчүн келген «Eccholine»(Бельгия) Эл аралык продюсердик компаниясынын өкүлдөрү да сөз сүйлөштү. Телеберүүнүн өкүлдөрү өздөрүнүн тасмасы, саякаты жана Кыргызстандын жаратылышы тууралуу айтып, туроператорлорду кызыктырган суроолорго ишенимдүү форматта жооп беришти.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM