Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк крипто шылуундар бар экенин билдирди

Кыска кабар | 16 Апр 2022 | 362 | 0

Улуттук банк акыркы учурда ар кандай интернет-ресурстар, жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле социалдык тармактар, мессенджерлер жана башка байланыш каражаттары аркылуу жарандарга «-коин», «криптовалюта», «криптомонета», «криптоактив» сөздөрү колдонулган айрым активдерди же продукттарды сатып алуу өтө көп сунушталып жатканын белгилейт.

Ошол эле учурда жарандарга чындыкка туура келген маалымат берилбейт, аларга акчаларды ушул инструменттерге салуу же аны сатып алуу менен кыска убакыттын ичинде, ошондой эле тез эле көп пайда көрүүгө болот деген азгырган маалыматты айтышат. Улуттук банк финансы пирамидасынын белгилери катылган алдамчы схемаларынын бар экенин билдирди.

«Алдамчылар жарандардын көңүлүн көбүрөөк тартуу үчүн кайсы бир виртуалдык активди – «криптовалютаны» жайылтууга багытталган жарыялоо кампаниясын жигердүү жүргүзүшөт, анын ичинде белгилүү медиа инсандарын тартуу, белгилүү бир активдерден көп киреше алуу, аларды андан ары төлөм каражаты катары жүгүртүүгө же товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө алмашуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматтарды жана материалдарды жайгаштыруу аркылуу дагы иштерди жүргүзүшөт», — деп айтылат маалыматта.

Улуттук банк виртуалдык активдерге (криптовалюталарга) жамынып сунушталган жана финансы пирамидасынын белгилери бар шектүү инсандарга, инструменттерге инвестиция салуудан алыс болууну, бардык ишке кылдаттык менен мамиле жасап сак болууну эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM