Биз менен байланышыңыз

21-апрелде Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт

Кыска кабар | 15 Апр 2022 | 189 | 0

21-апрелде борбор калаанын айрым райондорунда саат 9:00дөн 15:00гө чейин суу болбойт. Бул тууралуу «Бишкек суу канал» ишканасы билдирди.

Негизинен суу Ала-Арча дарыясын бойлоп кеткен көчөлөрдө, көчө кесилиштеринде, тагыраагы, Жаш Гвардия бульварынын темир жол линиясынан Жибек Жолу проспектине чейинки бөлүгүндө, Кулиев көчөсүнүн темир жол линиясынан День Сяопин проспектине чейинки бөлүгүндө токтотулат.

Мындай өчүрүү «Батыш-2» суу алгычындагы жана шаардагы суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу жүргүзүлүүдө.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, калктан, мекемелерден ичүүчү суу камдап алууну суранат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM