Биз менен байланышыңыз

Түштүк Корея Кыргызстанга 70 жумушчу орун бөлдү

Кыска кабар | 15 Апр 2022 | 591 | 0

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Хамянг округунун Алмашуу жана кызматташуу департаментинин айыл чарба, мал чарба бөлүмүнүн башчысы Джонг Сун У менен жолугушуу өткөрдү.

Анда Түштүк Кореянын Хамянг округу менен Кыргызстандын Өзгөн районунун ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишиминин алкагында кыргызстандыктарды сезондук айыл чарба жумуштарына тартуу программасын талкуулашты.

Жыйынтыгында беш айга созулган талаачылык иштерге тартуу үчүн 70 кыргыз жаранына квота бөлүнө турган болду. Анын негизинде кыргыз жарандары келишим мөөнөт аяктагандан кийин кайра өлкөсүнө кайтып келүүгө тийиш.

Эгер бул программа ийгиликтүү иштей баштаса, Хамянг жетекчилиги Кыргызстан жарандарын жыл сайын чакырып турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM