Биз менен байланышыңыз

Бактыбек Кудайбергенов Бильярд федерациясынын президенти болду

Кыска кабар , Спорт | 15 Апр 2022 | 364 | 0

Бактыбек Кудайбергенов Кыргызстандын Бильярд федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу федерациядан билдиришти.

Федерациянын отчёттук жана шайлоо жыйыны өтүп, анда буга чейинки президент Каныбек Сагынбаев кызматынан кеткен.

Бактыбек Кудайбергенов бул кызматты бир нече жылдар мурун аз мөөнөткө аркалаган.

Жаңы президент буга чейин Ысык-Ата районунун акими, Чүй облусунун жетекчиси, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу, президенттин иш башкаруучусу кызматтарын аркалап келген. Учурда Улуттук статистика комитетинин төрагасы кызматында иштейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM