Биз менен байланышыңыз

АКШ конгрессмендери Жо Байденге импичмент жарыялоону талап кылышты

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Апр 2022 | 3068 | 0

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын республикачыл депутаттары президент Жо Байдендин ийгиликсиз миграция саясаты үчүн импичмент жарыялоону талап кылышты. Бул тууралуу The Hill жазды.

«Президент Байден биздин түштүк чек араларыбызга чабуул жасоо менен Америка элинин коопсуздугуна атайылап коркунуч жаратып жатат», — деди Боб Гуд.

Аны конгрессмен Маржори Тейлор Грин жана башка бир катар саясатчылар да колдошкон.

Республикачылардын айтымында, Байден АКШ чек арасын көзөмөлдөөнү «мексикалык кылмыштуу топторго» өткөрүп берген.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын октябрь айында АКШ-Мексика мамлекеттик чек арасынан акыркы 35 жыл ичиндеги мыйзамсыз миграциянын рекорддук кирүүсү катталган.

АКШнын Чек ара жана бажы кызматы 2021-жылдагы отчётунда 1,7 миллион мигрант тартип бузганы үчүн камалганын айткан. Бул Байден жана анын кол астындагыларды катуу сынга кабылткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM