Биз менен байланышыңыз

Армения орус газын рубль менен ала баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Апр 2022 | 251 | 0

Армения Орусиядан газ сатып алууда акыркы төлөмдөрдү рубль менен жүргүздү. Бул маалыматты Армениянын экономика министри Ваган Керобян Орусиянын РБК басылмасына берген маегинде айтты.

Керобян нарк доллардын курсу менен эсептелип, төлөм рубль менен жүргүзүлөрүн белгилеп өткөн. Аны «Газпромдун» расмий өкүлү Сергей Куприянов да ырастаган.

Март айынын аягында Орусия президенти Владимир Путин орус газын эми рублга сатууну белгилеген жарлыкка кол койгон.

Путин бул жарлык «дос эмес өлкөлөргө», ириде Евробиримдиктин мүчөлөрүнө тиешелүү экенин билдирген.

Мындай чечимден кийин Балтика өлкөлөрү: Латвия, Литва, Эстония Орусиянын газын алуудан баш тарткан.

Армения бул санкцияларга кошулган эмес. Себеби алар Орусия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан менен биргеликте Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө.

23-мартта Армениянын вице-премьер-министри Мер Григорян төлөмдөрдү орус рублине өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM