Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик Орусия мунайынан баш тартууну пландап жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Апр 2022 | 619 | 0

Евробиримдикке мүчө өлкөлөр Орусия мунайынан баш тартууну пландап жатат. Бул тууралуу The New York Times басылмасы жазды.

Бул чараларды талкуулоо апрелдин аягына, майдын башына белгиленген.

NYT агенттигинин маалыматына ылайык, европалык аткаминерлер менен дипломаттар «Евробиримдик өлкөлөрүнүн ортосундагы ынтымакты сактоо үчүн акырындык менен орус мунайынан баш тартуу керек» деген пикирлерин айтышууда.

Белгилей кетсек, Евробиримдик мунайдын 25%дан ашыгын Орусиядан алат. Ал эми Германияга 34% мунайды Орусия берет. Немис бийлиги үчүн негизги маселе эки мунай заводуна чийки зат жеткирүүчү транспортту жетиштүү камдоо керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM