Биз менен байланышыңыз

Филиппинде тропикалык бороондон 1 млн 700 миң адам жабыркады

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Апр 2022 | 334 | 0

Филиппинде 137 адам тропикалык бороондун курмандыгы болду. Бул тууралуу Табигый кырсыктарды жоюу боюнча улуттук кеңеш билдирди.

«137 адам каза болду» деген болжолдуу гана сан экенин белгилейт улуттук кеңеш. Каза болгондордун жана дайынсыз жоголгондордун так саны иликтенип жатат.

«Мега» деп аталган кыйратуучу бороондон 1 млн 700 миң адам жапа чегип, 320 миңден ашуун адам үй-жайын таштап чыгып кеткен.

Учурда 15 шаарда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Алардын көбүндө жарык жана суу берүү үзгүлтүккө учураган. Жүздөгөн мектеп, ондогон ишкана жабылып, 40 порт ишин токтоткон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM