Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында баңгизат саткан эки аял кармалды (видео)

Кыска кабар | 15 Апр 2022 | 137 | 0

Ош шаарында синтетикалык баңгизат сатуу менен алектенген эки аял кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ош облустук милициясына Г. аттуу азият улутундагы аял баңгизаттарды мыйзамсыз сатып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөөдө аялдын Ош шаарынын аймагында синтетикалык баңгизат, психотроптук каражат сатары аныкталган.

Атайын операциянын жүрүшүндө 5 грамм синтетикалык нашаа сатып жаткан учурда шектүү Г., кылмышка катышы бар 1976-жылы туулган К.Ш., 1983-жылы туулган Т.Н. кармалган.

Алынган зат альфа PVP психотроптук нашаа экени аныкталган. Азыркы тапта тергөө жүрүп жатат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM