Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 9-майда аскердик параддын ордуна митинг-реквием өтөт

Кыска кабар | 14 Апр 2022 | 583 | 0

Бишкекте 9-майда Жеңиш майрамына карата аскердик парад болбойт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын ордуна Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 77 жылдыгына арналган эскерүү митинги өтөт. А бирок «Өчпөс отко» гүлчамбар коюу, «Өлбөс полк» жүрүшү, «жоокер боткосу» салттуу негизде уюштурулат.

Иш-чарага согуштун жана ооруктун ардагерлери, ардагерлер уюмунун, чет мамлекеттердин аскердик-дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, ошондой эле борбордун тургундары, коноктору катышат.

Буга чейин министрлик 9-майда салтанаттуу аскердик жүрүш өтө турганын айткан болчу.

Эске салсак, 2020-2021-жылдары бийлик коронавирус пандемиясынан улам 9-май — Жеңиш майрамы салтанаттуу белгиленбей калган. Маданият министрлиги өлкө боюнча онлайн «Өлбөс полк» уюштурган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM