Биз менен байланышыңыз

Гепатит күчөп, стоматологиялык клиникалар текшериле баштады

Кыска кабар | 14 Апр 2022 | 967 | 0

Гепатит күчөп баштаганына байланыштуу стоматологиялык клиникалар текшериле баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөдөгү жеке стоматологиялык клиникалардын, кеңселердин лицензиялык талаптарга жооп берери текшерилип жатат.

«Бишкек шаары боюнча 70 жеке стоматологиялык клиника, кеңсе текшерилди, алардын 19унун медициналык иш жүргүзүүгө уруксаты жок. Калктын саламаттыгын сактоо мыйзамдарын бузганы үчүн Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору 300 миң сом өлчөмүндөгү мыйзам бузуулар боюнча протокол түздү», — деп айтылат маалыматта.

Атайын лицензиясы жок иштеген тараптарга укук коргоо органдары мыйзамга ылайык чараларды көрөт.

Ошондой эле министрлик мындай текшерүүлөр башка менчик клиникаларда да, фармацевтикалык мекемелерде да жүргүзүлөрүн белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM