Биз менен байланышыңыз

Казакстан 9-май — Жеңиш күнүндө аскердик парад өткөрбөйт

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Апр 2022 | 294 | 0

Казакстан 9-май — Жеңиш күнүндө аскердик парад өткөрбөйт. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөдө 7-майда белгиленүүчү Ата Мекенди коргоочулар күнү да салтанаттуу белгиленбейт.

«2022-жылы Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына жана 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө карата аскердик парад пландаштырылган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Коргоо министрлиги 2022-жылы параддын ордуна 50гө жакын аскердик-патриоттук иш-чара өткөрүү каралып жатканын айтты. Алар Казакстандын ар кайсы аймактарына уюштурулат. Анын ичинде республика боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун жана өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн ардагерлерин куттукташат.

Белгилей кетсек, Казакстан үчүнчү жылы катары менен аскердик парад токтотулду. 2020-2021-жылдары пандемияга байланыштуу салтанаттын ордуна аскердик гарнизондордо эскерүү иш-чаралары өткөрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM