Биз менен байланышыңыз

Бишкекте күрөш боюнча эки Азия чемпионаты өтөт

Кыска кабар , Спорт | 14 Апр 2022 | 430 | 0

19-26-июнь күндөрү Bishkek Arena спорт комплексинде күрөштүн олимпиадалык түрлөрү боюнча U-17 жана U-23 Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясы кабарлады.

«Бүгүн United World Wrestling (UWW) уюму Кыргызстандын күрөш федерациясы аталган Азия чемпионатынын уюштуруучусу экенин билдирген кат жолдоду. Чемпионатты Бишкекте өткөрүү боюнча чечимди Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти, UWW-Asia аткаруучу комитетинин мүчөсү Мелис Турганбаев, UWW-Asia президенти Даулет Турлыханов кабыл алган», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда эки жаш курактагы чемпионаттын бир учурда өтүшү биринчи жолу болууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM