Биз менен байланышыңыз

COVID-19га чалдыккандар кайра каттала баштады

Кыска кабар | 14 Апр 2022 | 166 | 0

COVID-19 боюнча республикалык штаб 14-апрелге карата үч адамдын коронавирус жугузуп алганы аныкталганын маалымдады. Алардын бирөө Бишкек шаарынан, бирөө Чүй облусунан катталган.

Бүгүнкү күндө стационарларда 63 бейтап, амбулатордук түрдө 24 бейтап дарыланып жатат. 63 бейтаптын 38инин абалы орто, 21инин абалы оор жана төртөөнүн абалы өтө оор экени айтылды.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 973 адам коронавирус жугузган. Алардын ичинен 196 миң 304 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Айта кетсек, 4-апрелден бери коронавирус жугузгандар жана каза тапкандар катталбай калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM