Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда доллар менен евро кайрадан арзандады

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 1549 | 0

Кыргызстандын Улуттук банкы 14-апрелге карата валюталардын расмий курсун белгиледи. Үчүнчү күнү катары менен валюталар арзандай баштады.

Эртеңки күнгө доллардын расмий курсу 83,50 сом (2,93%га төмөндөдү) деп белгиленди. Борбор калаанын акча алмаштыруучу жайларында жана коммерциялык банктарда доллар 84-85 сомдон сатылып, 85-86 сомдон сатылууда.

Евронун курсу 3,15 пайызга арзандады. Бүгүнкү күндө евро 93,43 сомдон 90,49 сомго чейин төмөндөдү.

Ал эми рублдин расмий курсу 1 сомдон төмөн түштү. Эртеңки күнгө курс 0,98 сомду түзөт. Бул бүгүнкү көрсөткүчтөн 4,84 пайызга төмөн.

Теңгенин курсу 2,93 пайызга төмөндөп, 0,18 сомду түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM