Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Атадагы парктан 720 миң сом өөнөп алгандар кармалды

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 198 | 0

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы паркты көрктөндүрүүгө бөлүнгөн акчаны кызмат адамдары кымырып кетишкен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл райондук прокуратурасы «Чолпон-Ата шаарындагы паркты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу» долбооруна бөлүнгөн каражаттардын пайдаланылышы боюнча Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна текшерүү жүргүзгөн. 

Анда Чолпон-Ата мэриясынын жана Өнүктүрүү фондунун кызматкерлери жогоруда аталган долбоорду аткарууда кызмат абалынан кыянат пайдаланышып, аткарылбаган иштин да көлөмүн жогорулатуу менен мамлекетке 720 миң сомдук зыян келтиришкени аныкталган. 

Бул факт боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатат. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM