Биз менен байланышыңыз

Балтика өлкөлөрүнүн башчылары Украинага аскердик жардам берет

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 337 | 0

Польшанын президенти Анджей Дуда расмий сапар менен Киевге барат. Бул тууралуу өлкө башчысынын расмий сайтына жарыяланды.

Дал ошол күндөргө Латвия президенти Эгилс Левитстин, Литва президенти Гитанас Науседанын, Эстония президенти Алар Каристин да иш сапары пландалган. Президенттер Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский менен жолугушуп, өлкөдөгү кырдаалды талкуулашат.

Литванын президенти Науседа «Твиттер» баракчасы аркылуу төрт өлкөнүн башчылары Украинага «саясий колдоо жана аскердик жардам» жарыялай турганын билдирди. Белгиленген жолугушуунун башка чоо-жайы айтылган жок.

Айта кетсек, буга чейин АКШ президенти Жо Байден, Улуу Британия премьер-министри Борис Жонсон да Украинага расмий сапар менен келип кетишкен. Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер да Киевге баруу ниетин билдирген. Бирок Зеленский анын келишин каалаган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM