Биз менен байланышыңыз

Путин: Украина Стамбул келишиминен алыстап, сүйлөшүүлөрдү туңгуюкка кептеди

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 2774 | 0

Бир күн мурда Киев сүйлөшүүлөр боюнча позициясына кайрадан өзгөртүү киргизгени тууралуу маалымат пайда болду. Муну менен Украина тарап Стамбул келишимдеринен чыгып, Орусия менен сүйлөшүүлөрдү кайрадан туңгуюкка кептеди. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Беларустун президенти Александр Лукашенко менен болгон маегинде билдирди.

«Эң негизгиси, Украина тарап Стамбулдагы келишимдерден баш тартты. Ал эми коопсуздук талабы — өзүнчө бир маселе. Крым, Севастополь жана Донбасс боюнча мамилелерди жөнгө салуу бул келишимдерден тышкары чыгарылды. Башкача айтканда, биз өзүбүз жана баары үчүн кайрадан туңгуюк абалга кайттык», — деп белгиледи Путин.

Ал Украинанын бир күн мурда жарыялаган жаңы позициясы менен буга чейинки сүйлөшүүлөрдүн ортосундагы карама-каршылык мунасага келүү жүрүшүн кыйла татаалдаштырып, эки тараптын тең алгылыктуу натыйжага жетүүсүнө тоскоол болуп жатканын билдирди.

«Бул аскердик операция башында коюлган милдеттер чечилмейинче уланат», — деген Орусия президенти.

Эске сала кетсек, 29-мартта Түркияда Орусия менен Украинанын сүйлөшүүлөрү өткөн. Андан кийин Орусия делегациясынын өкүлү Владимир Мединский жаңжалды басаңдатуу үчүн өз өлкөсү Киевге эки кадам таштаганын белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM