Биз менен байланышыңыз

Футзал: Кыргызстан курамасы биринчи жолу Азия Кубогуна катышпайт

Кыска кабар , Спорт | 13 Апр 2022 | 291 | 0

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы 2022-жылдагы Азия Кубогунун финалдык айлампасына чыга алган жок.

10-12-апрель күндөрү Борбордук жана Түштүк зоналар боюнча тандоо туру Бишкек шаарында 8 команданын катышуусунда өтүп, алар эки топко бөлүнүп, финалдык баскычка 4 жолдомо үчүн ат салышкан.

Кыргызстандын курама командасы «А» тайпасына кирип, анда Иранга 1:8 упай жана Түркмөнстанга 1:3 упай менен утулуп, Мальдив аралдарын 7:1 эсебинде жеңип, 3-орунга ээ болду.

Азия Кубогунун финалдык баскычына «А» тайпасынан Иран менен Түркмөнстандын командалары, «В» тайпасынан Өзбекстан менен Тажикстандын командалары чыкты.

Ошентип Кыргызстандын курама командасы биринчи жолу Азия Кубогуна катыша албай калды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM