Биз менен байланышыңыз

Украина президенти Зеленский жазгы аскерге чакырууну жокко чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Апр 2022 | 1201 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленский аскердик кызматка жазгы чакырууну жокко чыгарды. Документ мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.

Анын негизинде 2021-жылдын 29-декабрында кол коюлган №687 «2022-жылы аскер кызматчыларын мөөнөттүү кызматка жана жашы жеткен жарандарды милдеттүү аскердик кызматка кезектеги чакыруу жөнүндө» Жарлыкка өзгөртүү киргизилип, апрель-июнь айларында аскерге чакыруу пункттары алып салынды.

Ошондой эле учурда кызмат өтөп жаткандарды бошотуу кийинкиге жылдырылды. Аларды запаска которуу «белгиленген тартипте демобилизациялоо жарыялангандан эрте эмес» болот.

Украинада согуш башталганга чейин аскерге милдеттүү болгондордун кызмат мөөнөтү автоматтык түрдө аяктап калган.

Ошол эле учурда 2021-жылы президенттин жарлыгы менен белгиленген аскерге чакыруу мөөнөтү күчүндө турат.

Эске сала кетсек, 24-февралда бүткүл Украинада аскердик абал киргизилген. Ал эми 15-мартта Жогорку Рада өз күчүн 26-марттан баштап дагы 30 күнгө узарткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM