Биз менен байланышыңыз

БУУ: Украинанын коңшу өлкөлөрүнө 4,4 миллиондон ашык качкын келди

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Апр 2022 | 271 | 0

Украинада качкындардын саны 4,4 миллиондон ашты. Бул тууралуу БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы билдирди.

Маалыматка караганда, 24-февралдан 8-апрелге чейин Украинадан чыгып кеткен качкындардын саны 4 млн 441 миң 663кө жеткен.

БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын маалыматы боюнча, Польшага 2 млн 564 миң 994, Венгрияга 413 миң 888, Словакияга 310 миң 989, Орусияга 389 миң 845, Молдовага 406 миң 611, Румынияга 678 миң 81, Беларуска 19 миң 36 адам кеткен.

2021-жылы Украинанын калкы (Крымсыз, бирок Донбасстын бүт аймагы менен) 2022-жылдын 1-январына карата 41 млн 167,3 миң адамды түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM