Биз менен байланышыңыз

Францияда президенттик шайлоо башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Апр 2022 | 457 | 0

Бүгүн, 10-апрелде Францияда президенттик шайлоонун биринчи айлампасы башталды.

Өлкөнүн бардык аймактарында шайлоо тилкелери ачылды. Француздар кечки саат 8ге чейин добуш бере алышат. Париж, Лион, Марсель жана Ницца сыяктуу кээ бир чоң шаарлардагы добушканалар кечки саат 9га чейин ачык болот.

Шайлоого 49 миллионго жакын жаран катыша алат. Добуш берүү эки турда өтүп, экинчиси 24-апрелге белгиленген.

Шайлоого катышкан 12 саясатчынын арасында Франциянын азыркы президенти Эммануэль Макрон да бар. Анын негизги атаандашы ашынган оңчулдардын лидери Марин Ле Пен экени айтылууда.

Алдын ала сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча Макрон Ле Пенден бир аз айырма менен алдыда келе жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM