Биз менен байланышыңыз

Google Орусия парламентинин YouTube каналын жапты

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Апр 2022 | 293 | 0

YouTube видеохостинги Орусия Мамлекеттик Думасынын каналын жапты. Мунун себеби АКШнын Орусияга салган санкциялары экени айтылды.

Ал эми Мамлекеттик Дума мындай болорун башынан эле сезип, ага алдын ала даярданып келишкенин маалымдады.

«Биз даяр болчубуз. Башка тармактарда, тагыраагы, RuTube, VKontakte, Telegram каналдары аркылуу иш жүргүзө беребиз», — деп айтылган билдирүүдө.

Мамлекеттик Думанын «Дума ТВ» аталышындагы YouTube каналына 145 миңден ашуун аккаунт катталып, жайгашкан видеолору жалпысынан 100 миллиондон ашуун жолу көрүлгөн.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Telegram-каналында бул чечимге комментарий берип, колдонуучуларды орус платформаларына өтүүгө үндөдү.

Мамлекеттик Думанын башчысы Вячеслав Володин мындай бөгөт коюуну Вашингтон жарандардын укуктары менен эркиндиктерин бузганынын дагы бир далили катары белгиледи.

Айта кетсек, YouTube АКШнын Google корпорациясына таандык.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM