Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өлкө боюнча 3 жаштан 5 жашка чейинки 1 миллион 118 миң бала бар. Алардын 200 миңи гана, тагыраагы, беш баланын бирөө гана бакчага барат. Мындай кырдаалга себептер көп. Алардын бири: бала бакчанын жетишсиздиги. Ушул жылдын 11-апрелинен тарта бакчага жана мектепке каттоо боюнча электрондук система иштеп баштайт. Ал кайсы аймак канча орундуу бакчага муктаж экенин тактоого да көмөк көрсөтөт.
Бишкек шаарынын 26 жаштагы тургуну Канышай Мусаеванын бир жарым жашар баласы бар. Аны бакчага берүү үчүн жубайы экөө шаардагы бакчалардын шарттары менен таанышып чыккан. Ал бакчанын методикасы мыкты, шарты жакшы болсо, ошончолук суроо-талапка ээ болорун белгилейт. Андыктан баласын жеке менчик бакчага берүүнү чечип, электрондук каттоодон өтүп койгон. Кезеги май айында келет. Анын пикиринде, балдар билим алууга, оюндарга канчалык эрте тартылса, ошончолук ар тараптуу өнүгүп, келечекте ийгилик жаратуу мүмкүнчүлүгү да көбөйөт.
«Баланы эркин коюу керек. Канча чачса чачсын, өзү жеп үйрөнөт. Жардам берип, үйрөтүп койсоң, көз каранды болуп калат. Андыктан балабыз бара турган бакчага маани берип карадык. Биз барган бакчада орун жок экен. Майга чейин бошоп каларын айтышты. Кезек алып койдук. Эң жаккан бакча ушул болду. Балабызга жакшы башталгыч база болот деп ойлойбуз. Ошондуктан бул бакчага кезекте тургандар көп экен».
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 2013-жылдан бери республика боюнча 209 билим берүү мекемеси кайтарылса, алардын 177си бала бакча катары ишке кирген. Айрымдарын мамлекетке өткөрүп алуу боюнча сот иштери бүтө элек; айрымдары ремонтко муктаж; айрымдарынын төрт дубалы эле калып, үй-жайсыздар мекендеп алган; айрымдарынын жер тилкеси эле калган.
Профессор Каныбек Осмоналиевдин айтымында, бала бакчалардын кейиштүү абалга келишине бийлик өкүлдөрү күнөөлүү. Себеби 1990-жылдан кийин ондогон бала бакча менчиктештирилип, сатылып кеткен. Азыр кандайдыр бир саясий эрк менен ошол учурда мыйзамсыз сатылган бала бакчаларды ырайымсыз түрдө кайтарып алуу керек.
«1996-жылдагы атайын токтомдо «билим берүү мекемелерин башка максаттарга пайдаланууга тыюу салынат» деген норма бар болчу. Ошого карабастан бала бакчалар жеке менчикке чыгарылып, сырттан келген кээ бир ишкерге жапырт сатыла баштаган. Азыр алардын баары башка профилге айланып кеткен. Диний уюмдарга сатылган, редакцияларга сатылган. Мисалы, «Вечерний Бишкек» газетасы ири бала бакчанын имаратын бүгүнкү күнгө чейин ээлеп отурат. Өкмөт өзүнүн каржысына бала бакча салууга аргасыз болууда. Анда башка айла жок. Азыркы биздин бюджет көтөрө албай жатат. Ошондуктан менин сунушум: азыр кандайдыр бир саясий эрк, кадам керек. Мыйзамсыз сатылып кеткен бала бакчаларды ырайымсыз түрдө кайтарып алуу зарыл. Бишкек же Ош шаарын эч убакта камсыз кыла албайбыз. Анда сырткары усулдук-педагогикалык көйгөйлөрү көп да. Окуу жайларда мектепке чейинки педагогикалык бөлүмдөрдү ачып, тарбия берүү жактан окута турган адистерди чыгаруу керек».
Баланын курдаштары менен баарлашуусуна даярдык үч жашынан башталат. Тарбиячы Жанара Рысмендиева баланы бакчага ушул курактан берүү туура болорун, ага чейин бакчанын шартын кабыл алуусу оорураак болорун айтат. Ошол эле учурда бакчага өз алдынчалыкка үйрөнүп калган, тагыраагы, кийим-кечесин өзү кие алган, өзү тамактана алган, курсагы ачканын же дагы ушул сыяктуу жагдайларды айта алган балдар кабыл алынарын белгиледи.
«Адистер көрсөткөндөй, ымыркай жарык дүйнөгө келген алгачкы жылдары мээси өтө тездик менен өнүгөт. Ушул жылдар баланын окууга жөндөмүн аныктап, социалдык жана эмоционалдык жактан өнүгүүсүнө жана ден соолугуна таасирин тийгизет, келечекте ийгиликтүү болуусуна көмөктөшөт».
2021-жылы бала бакча салууга каражат бөлүү боюнча айыл аймактардан 563 арыз түшкөн. Учурда анын 500ү тандалып алынып, долбоору даярдалган. 2022-жылдын декабрына чейин Баткен жана Ош облустарындагы 100 бала бакча толук ишке берилет.