Биз менен байланышыңыз

Бишкекте сүннөткө отургузулган бала каза болду

Кыска кабар | 4 Апр 2022 | 337 | 0

Бишкекте жети жашар бала сүннөткө отургузулгандан кийин каза болду. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2-апрелде милицияга шаардык балдардын клиникалык тез жардам ооруканасынын хирургия бөлүмүндө бала каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Бала Улуттук госпиталда наркоз менен сүннөткө отургузулганы белгилүү болду. Операциядан кийин 3-балдар ооруканасынын хирургия бөлүмүнө платтер синдрому диагнозу менен жаткырылган. Сүннөттөгү жарааттан улам кан көп кеткен. Ошол жерден бала эсине келбей каза болгон. Факты катталып, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө иштери уланууда», — деп билдиришти милициядан.

Саламаттыкты сактоо министрлиги катталган факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын кабарлады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM