Биз менен байланышыңыз

Казакстан Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Апр 2022 | 377 | 0

Казакстан Украинанын аймактык бүтүндүгүн сыйлайт. Крымды Орусияныкы деп тааныбайт жана бул маселе боюнча БУУнун чечимдерин карманат. Бул тууралуу Казакстан Президентинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Тимур Сулейменов билдирди.

«Албетте, Орусия өз тарабында болушубузду каалайт. Бирок Казакстан Украинанын аймактык бүтүндүгүн сыйлайт. Биз Крым менен болгон кырдаалды да, Донбасстагы абалды да тааныган жокпуз, тааныбайбыз да. Анткени БУУ аларды тааныбайт. Биз Бириккен Улуттар Уюмунун деңгээлинде кабыл алынган чечимдерди гана ишке ашырабыз», — деди Сулейменов Euractiv агенттигине берген маегинде.

«Чындыгында Казакстан — Евразия Экономикалык Биримдигинин да, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун да мүчөсү. Бирок келишимдин жоболорунун конкреттүү учурга (Украинага) тиешеси жок», — деди ал.

Сулейменовдун айтымында, азыркы кырдаал Казакстандын көптөгөн тармактары үчүн бир катар көйгөйлөрдү жаратууда. «Аскердик фаза аяктагандан кийин жолдор, темир жолдор тазаланат деп ишенем. Бирок биз экспорттук жолдорубузду диверсификациялашыбыз керек», — деди ал.

«Казакстан бул жаңжалдын бир бөлүгү эмес. Ооба, биз Евразия Экономикалык Биримдигинин бир бөлүгүбүз, бирок биз көз карандысыз мамлекетпиз. Орусия менен Беларуска коюлган чектөөлөрдү сактайбыз. Биз бир жаатта болууну каалабайбыз жана тобокелге салбайбыз. Казакстан  Евробиримдик өлкөлөрү жана бүтүндөй Евробиримдик менен кызматташтыкты кеңейтүүнү каалайт. Биз Борбор Азиядагы эң батышташкан өлкөбүз. Бизде көптөгөн жалпы баалуулуктар бар. Биринчиден, бизде жалпы континент бар, анткени Казакстандын 300 миң чарчы километри Европада. Казакстандын бул бөлүгү Евробиримдиктин көпчүлүк өлкөлөрүнөн алда канча чоң», — деп белгиледи эксперт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM