Биз менен байланышыңыз

Кытай Орусия менен соодада улуттук валютага өтүүнү четке какпайт

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Апр 2022 | 494 | 0

Кытай бийлиги Орусиянын энергетикалык соода жүргүзүүдө рублга же юанга өтүү сунушун четке какпайт. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

«Кытай Орусиядан келген энергия үчүн АКШ доллары менен эмес, рубль же юань менен төлөөгө даярбы?» деген суроого министрлик: «Эки тараптуу эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө рынок субъекттери өз муктаждыктарына ылайык валютаны тандай алат. Биздин улуттук акчаны соода-экономикалык кызматташууда үзгүлтүксүз колдонуу валюталык тобокелдиктерди болтурбоого жана валютаны алмаштырууга байланышкан чыгымдарды азайтууга жардам берет», — деп жооп берген.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги кытайлык компаниялар Орусия менен соодада «тең жана пайдалуу негизде, рыноктун конъюнктурасынын өзгөрүшүн эске алуу менен» рублди же юанды активдүү колдонууга ниеттенип жатканын ырастады. «Албетте, ар кандай себептерден улам биз эсептешүүнү башка өлкөлөрдүн валютасы менен жүргүзөбүз», — деди министрлик.

The Wall Street журналы Сауд Арабиясы Кытайга экспорттогон мунайдын бир бөлүгүн төлөө үчүн доллардын ордуна юанды колдонууну карап жатканын жазды. Басылма мындай кадам америкалык валютанын дүйнөлүк энергетика рыногундагы үстөмдүгүн алсыратышы мүмкүн экенин, ошондой эле бул алдыңкы мунай экспортерунун Азия-Тынч океан аймагындагы өнөктөштөрү менен жакындашуусун көрсөтөрүн белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM