Биз менен байланышыңыз

БУУ Украинада 1232 жай тургун каза болгонун билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Апр 2022 | 447 | 0

24-февралдан 31-мартка чейин Украинада 1232 жай тургун каза болуп, дагы 1935и жарадар болгон. Бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгы билдирди.

Каза болгондордун 286сы эркек, 194ү аял, дагы 752 адамдын жынысы аныктала элек. Ал эми жабыркагандардын 257си эркек, 203ү аял, 1475 адамдын өздүгү тактала элек.

Украинанын көзөмөлүндөгү Донецк жана Луганск облустарынын аймагында 338 адам каза болуп, дагы 743ү жарадар болгон.

БУУ сандар мындан алда канча көп болушу мүмкүн экенин эскертип, азыр Мариуполь, Волноваха, Изюм, Попасна жана Ирпин шаарларынан келген маалыматтарды текшерип жатышканын билдирди.

БУУ өлүмдүн жана жаракат алуунун негизги себеби оор артиллериядан жана бир нече ракеталык системалардан аткылоо, ошондой эле ракеталык жана аба соккуларынан болгонун билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM