Биз менен байланышыңыз

Зеленский: Орусияга коюлган талаптар өзгөрүүсүз калат

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Мар 2022 | 613 | 0

Украинанын Орусия Федерациясы менен сүйлөшүүлөрүндө коюлган талаптар өзгөрүүсүз калат. Ал — эгемендик, аймактык бүтүндүк жана коопсуздук кепилдиги. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Владимир Зеленский билдирди.

«Алдыда сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы турат. Биз тынчтык орнотуунун жолдорун издеп жатабыз. Маалым болгондой, Түркияда көзмө-көз жолугушуу мүмкүнчүлүгү  бар. Бул жаман эмес. Келгиле, жыйынтыгын карап көрөлү. Биздин артыкчылыктарыбыз белгилүү. Украинанын эгемендиги жана аймактык бүтүндүгү шексиз. Биздин мамлекет үчүн коопсуздуктун натыйжалуу кепилдиктери абдан маанилүү. Биздин максатыбыз да айкын – Украинада тынчтыкты жана нормалдуу жашоону тез арада калыбына келтирүү», — деди Зеленский Телеграмдагы видеокайрылуусунда.

Айта кетсек, Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Орусия президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн, анда эки тараптын жолугушуусун Стамбулда өткөрүү макулдашылганын кабарлады. Андан соң орус делегациясынын башчысы, президенттин жардамчысы Владимир Мединский Орусия менен Украинанын кезектеги сүйлөшүүсү 29-30-мартта өтөрүн маалымдады.

Сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы 28-февралда Беларустун Гомель облусунда болгон. Эки тараптын өкүлдөрү андан кийин да үч ирет көзмө-көз жолугуп, төртүнчүсүндө онлайн кездешкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM