Биз менен байланышыңыз

Армения менен Азербайжан бири-бирин чагымчылыкка айыпташты

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Мар 2022 | 270 | 0

Армения менен Азербайжан бири-бирин чагымчылыкка айыптап, Тоолуу Карабах аймагында аскердик абал киргизилди.

Армениянын Коргоо министрлиги 24-мартта Азербайжандын куралдуу күчтөрү Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү убактылуу жайгашкан Парух (Фарух) айылын басып алганын билдирди.

«Тоолуу Карабахтын коргонуу армиясынын бөлүктөрү өзүнө жүктөлгөн күжүрмөн тапшырмаларды аткарып, душманга каршы туруу үчүн бардык чараларды көрүүдө. Карабахта жайгашкан Орусиянын тынчтык коргонуу күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн аракеттерине карабастан, кырдаалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Тилекке каршы, азырынча жыйынтык бере элек», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда Азербайжандын Коргоо министрлиги 26-март күнү эртең менен «армян куралдуу топторунун мүчөлөрү тумандуу аба ырайынан пайдаланып, азери армиясынын бөлүктөрүнө каршы диверсия жасоого аракет кылышканын» билдирди.

«Тез аранын ичинде көрүлгөн чаралардын натыйжасында мыйзамсыз армян куралдуу топторунун мүчөлөрү артка чегинүүгө аргасыз болушкан. Окуя тууралуу Орусиянын тынчтык орнотуу командачылыгына жана орус-түрк биргелешкен мониторинг борборуна маалымат берилди. Азербайжан армиясынын бөлүктөрүндө жоготуулар жок», — деп айтылат Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Тоолуу Карабах аймагынын башчысы Арайик Арутюнян аскердик абалды киргизүү боюнча жарлыкка кол койду.

Тоолуу Карабахтагы куралдуу кагылышуу 2020-жылдын сентябрында башталган. 2020-жылдын 10-ноябрында Азербайжан, Армения жана Орусиянын мамлекет башчылары үч тараптуу билдирүүгө кол койгондон кийин толук ок атышпоо жарыяланган. Бирок кез-кезде Азербайжан менен Армения чек араны аткылап, Карабахта каза болгондор тууралуу кабарлап келишет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM