Биз менен байланышыңыз

Украинада согушка катышкан орус жоокерлерине «согуш ардагери» макамы берилет

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Мар 2022 | 305 | 0

Орусия президенти Владимир Путин Украинадагы “атайын операциянын” катышуучуларына “согуш ардагери” макамын берүү боюнча мыйзамга кол койду.

23-мартта Мамлекеттик Дума мыйзам долбоорун үч окууда жактырган.

Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин мыйзам Украинадагы согуштун катышуучуларына социалдык колдоо чараларын, анын ичинде салык, транспорт, турак-жай жана жер жеңилдиктерин алууга укук берерин билдирди. Андан тышкары согуштук аракеттерге катышуу учурунда майып болгон жарандарга жеңилдиктер берилет.

Буга чейин Ооганстандагы, Чеченстандагы жана Сириядагы согушкерлер гана “согуштун ардагерлери” деп эсептелип келген.

Орус өкмөтү Украинадагы согуштук аракеттерде курман жана жарадар болгондордун үй-бүлөлөрүн социалдык колдоого аларын убада кылган. Ошентип, мамлекет башчы каза болгондордун жакындарына 7,4 миллион рубль өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрүн жана 5 миллион рублдик бир жолку жөлөкпулдарды которууну убада кылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM