Биз менен байланышыңыз

Эрдоган: Түркия Орусиядан чыккан дүйнөлүк компанияларды кабыл алууга даяр

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Мар 2022 | 344 | 0

Түркия Орусиядан кеткен дүйнөлүк фирмаларды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди.

«Орусиядан америкалык компаниялар гана эмес, көптөгөн дүйнөлүк бренддер да кетип жатат. Албетте, алар үчүн өлкөбүздүн эшиги ачык, келсин. Андан тышкары, биздин өлкөдө өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууну каалаган белгилүү капитал топтору бар. Алар үчүн да эшигибиз ачык», — деди ал.

Буга чейин Эрдоган Түркия менен Орусия туризм тармагында улуттук валютадагы төлөмдөрдү көбөйтүүнү каалап жатканын билдирген.

«Алар, өзгөчө Путин, туризм тармагына кийлигишпей турганын, аны кубаттай турганын жана жарандарынын Түркияга баруусуна эч кандай тоскоолдук жаратпай тургандыктарын билдирген. Андан тышкары, операцияларды өздөрүнүн улуттук валютасында жүргүзүү боюнча да сөз болгон. Биз муну Орусияга рубль жана түрк лирасы менен жасаса болорун  сунуштаганбыз. Эми биздин ишибиз толук далилденди, алар муну жасай алабыз деп жатышат», — деп түрк президенти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM